http://www.ktrk.kg/Бишкекте мыкты тасмалардын жарышы өтөт

Бишкекте мыкты тасмалардын жарышы өтөт

3 Дек , 10:28 207

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы өтөт. Сегизинчи ирет өтүп жаткан иш-чара 12-декабрда салтанаттуу түрдө ачылат. Анда КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын эң мыкты делген тасмалары элдин сынына коюлат. 

Быйыл бул кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Иш-чаранын жүрүшүндө тасма жаратуучулар тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Тасмалар эл аралык жана улуттук программа боюнча тандалат. Алардын ичинде оюн тасмасы, даректүү тасма, анимациялык жана эксперименталдык жанрлары да бар. 

Бул жылы фестивалга жергиликтүү жана чет элдик тасма жаратуучулардан 500дөн ашуун арыз келип түшкөн. Жеңүүчүлөр 15-декабрда аныкталат. "Мыкты тасма", "Мыкты режиссёр", "Калыстардын атайын байгеси", "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө арзыган байге" номинациялары боюнча наамдар ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылат.


Новости по дате