http://www.ktrk.kg/Көк бөрү турниринде Талас районунун улакчылары баш байгени багындырды

Көк бөрү турниринде Талас районунун улакчылары баш байгени багындырды

3 Дек , 11:55 246

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Ак-Кула" ат майданында өткөн "Чүй — Талас ынтымагы" көк бөрү турниринде Талас районунун улакчылары баш байгени багындырды. Финалдык беттеште Талас облусунун Кара-Буура райондору кез келген. Айыгышкан беттеш 6:3 эсеби менен жыйынтыкталды. 

Ал эми Таластын Манас районун жеңип алган Чүйдүн Жайыл району үчүнчү орунду ээледи. "Ынтымак" мелдешинде эки облустун төрт районунан сегиз команда чыгып күч сынашты. Таластан Манас, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата райондору жана Чүйдөн Жайыл, Аламүдүн, Токмок, Сокулук райондору команда курап келген. 

Буга чейин ушундай эле турнир Таласта өтүп баш байгени Сокулук командасы уткан.

Новости по дате