http://www.ktrk.kg/Орусиянын "кара тизмесинен" 35 миңге жакын кыргызстандык чыгарылат

Орусиянын "кара тизмесинен" 35 миңге жакын кыргызстандык чыгарылат

3 Дек , 11:59 164

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

35 миңге жакын кыргызстандык 10-декабрга чейин Орусиянын Миграция кызматынын "кара тизмесинен" чыгарылат. Бул тууралуу Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов билдирди. 

Маалым болгондой, Орусиянын Миграция кызматынын "кара тизмесинде" Кыргызстандын 70 миңге жакын жараны бар. Ушул жылдын 6 айында кара тизмеден 7 миң кыргызстандык чыгарылган. Расмий билдирүүгө ылайык, 750 миң кыргызстандык чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, калганы башка мамлекеттерде эмгектенишет.

Новости по дате