http://www.ktrk.kg/Борбор калаада кыргыз-чех соода борбору ачылды

Борбор калаада кыргыз-чех соода борбору ачылды

3 Дек , 18:54 235

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте кыргыз-чех соода борбору ачылды. Ошондой эле өлкөдөн Чехияга “Саарыташ” экспорттоло баштады. Бул туурасында маалымат жыйынында айтылды. Эске салып өтсөк буга чейин жергебизде 4 ирээт кыргыз-чех форуму өтүп, анын алкагында аталган өлкөдөн 15 тен ашык алдыңкы компания өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле 2 өлкөнүн соода палатасынын алакасы аркасында Чех экспорт банкы 20 долбоорго жалпысынан 500 000 доллар каражат салган. 

Эксперттердин белгилөөсүндө Чехия Европа биримдигинде болгондон улам, сапатка коюлган талап өтө жогору. Бул өлкөдөн Кыргызстанга импорттолгон товарлар дүйнөлүк сертифактаттын кепилдигин камсыз кылат. Ишкер Айдарбек Байдөлөтов Чехияда ишкерлик баштоодо тоскоолдуктар жок экенин, банк системасы сезилээрлик колдоого алаарын айтты.


Белгилей кетсек, буга чейин 4 ирээт кыргыз-чех форуму өткөн. Анда жашыл экономика принциби менен иштеген Чехиянын айыл чарба, курулуш-инфраструктура, күн гидро энергетика өндүрүшү, биогаз, маалымат технологиялары жаатында алектенген компаниялары келип презентацияларды жасаган эле. Мисалы “Khaanzаа” компаниясынын өкүлү Ян Новотни ишкана суу чыпкалоочу жана бургулоочу жабдыктарды өндүрүп жана орнотуу менен алектенээрин айтып берген болчу.


Ян Новотни : Биз суу тазалоо менен иш жүргүзөбүз. Ири долбоорлордон атасам жакында эле Монголияда курулуп жаткан аэропортко сууну жер алдынан көзөп киргизип бердик. Жан сууну тазартуучу жана чыпкалоочу жабыктарды орноттук. Жана саркынды сууларды топтоочу жай салып, аны кайра тазалап иштетүү жагын курдук. Бул Монголияда жасаган айрым иштерибиз. Ошондой эле жумуштарды казакстанда да аткарып жатабыз. Анда 2 жерде тоо кен тармагынан чыккан саркынды сууларды тазалоо жумуштарын алып барабыз. 

Эми кыргыз-чех алакасы жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатат. Бир гана бизнес эмес, маданий жана социалдык долбоорлор. Бул туурасында Бишкекте өткөн маалымат жыйынында КР Өнөр жай жана Соода палатасынын өкүлү Эрлан Сапарбеков билдирди.


Эске салып өтсөк буга чейин кыргыз-чех ишкерлеринин бизнес форуму Чехияда бир жолу Кыргызстанда 4 жолу өткөн. Соңку иш-чарада жалпысы 15 келишимге кол коюлган болчу. Жалпысынан Чех экспорт банкы жергебиздеги 20 долбоорго 500 000 доллар каражат салган. Ошондой эле алдыда Бишкекте “Злата Прага” компаниясынын колдоосу менен Чех маданий жана тил борборун ачуу, анын аркасы менен кыргыз жаштарын Чехиянын алдыңкы ЖОЖдорунда билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү пландалууда.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"


Новости по дате