http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Сокулуктун Жаңы-Пахта айыл өкмөттүндөгү көлмөгө айланган таза суу

Элдик репортер: Сокулуктун Жаңы-Пахта айыл өкмөттүндөгү көлмөгө айланган таза суу

3 Дек , 16:34 165

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө кире бериштеги биринчи айылда таза суу көйгөйү курч. Айыл тургунунун пикиринде, таза суу түтүгүнөн чыккан суу жер үстүнө чыгып, көлмө болуп кайра сиңип ичкен суу менен аралашат. Мындай абалдагы кудуктан бүтүндөй айыл эли суу ичет. 

"Суу түтүктөрдү тазалап киши жок, айыл өкмөт тез-тез алмашып, кимге кайрылаарыбыз билбейбиз. Туруктуу айыл өкмөт жок, болсо да иштебейт. Айылда тазалык да сакталган эмес. Таза сууга деп киши башына 30 сомдон чогултушат, ал акча кайда кетип жатат билбейбиз",- деп нааразычылыгын билдирген айыл тургуну.    


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате