http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: электр чубалгыларынын алдына үй курууга ким урусаат берди?

Элдик репортер: электр чубалгыларынын алдына үй курууга ким урусаат берди?

3 Дек , 18:27 168

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Селекция айлынын Чатыр - Көл көчөсүндө коопсуздук шарттары сакталбаган жер тилкелеринде турак үйлөр жайгашкан. Анткени, бул жерде жогорку чыңалуудагы зымдардын астында үйлөр салынган. Эреже боюнча жогорку чыңалуудагы зымдар калктуу конуштардан 20-25 метр алыс жайгашуусу керек эле. Бул көчөдөгү көрүнүш эреже таптакыр жооп бербейт. 

"Мыйзам бузууга жол берген Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматы мыйзам алдында жооп берүүсүн өтүнөбүз. Депутаттардан жана тиешелүү органдардан абалды текшерүүнү суранам",- деген пикирин калтырган видеонун автору.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате