http://www.ktrk.kg/Кыска кабар берүү кызматы

Кыска кабар берүү кызматы

3 Дек , 0:03 341

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Замандын талабына ылайык уюлдук телефонду тили чыккан баладан тартып улгайгандарга чейин колдонот. Дал ушул чөнтөк телефондун жардамы менен зарыл жумуштарды дароо бүткөрүп, алыстагы адамдар менен байланышып же оозеки айта албаган сөздөрдү СМС билдирүү аркылуу жөнөтүп келебиз. Бүгүн дал ушул уюлдук телефондун ажырагыс бөлүгү болгон “кыска кабар берүү кызматынын” күнү. Себеби, 1992-жылдын дал ушул 3-декабрында алгачкы СМС билдирүү жазылганын баарыбыз эле биле бербесек керек.

Мындан туура 26 жыл мурда смс билдирүү кызматы ишке кирген. “Кыска кабар берүү кызматы” 1980-жылдардан тарта иштелип, аны 1992-жылдын 3-декабрында британиялык «Vodafone» компаниясынын инженери Нейл Пэпуорс жүзөгө ашырган. Алгач ал кесиптешине “Жаңы жылың менен” деген смс билдирүүнү жиберген. 

Бүгүнкү күндө смс билдирүү кызматынын колдонуучулары арбын. Бул кызмат ыңгайлуулугу жана оперативдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. СМС аркылуу бир гана текст түрүндөгү билдирүү жөнөтпөстөн “мобилдик банк” сыяктуу күнүмдүк турмушка керектүү кызматтарды колдонууга, социалдык түйүндөргө катталууга болот. Ошондой эле смс аркылуу тиешелүү кызматтардан маалымат жана эскертүү иретинде билдирүүлөр келип турат. 

Медалдын эки тарабы бар демекчи кыска кабар кызматы аркылуу жалган маалымат таратып, чагымчыл материалдарды жайылткандар да жок эмес. Ички иштер министрлиги мындай учурда туура эмес, такталбаган маалыматты тараткан адамдар жоопко тартыларын эскертет. 

"WhatsApp тиркемесинде жана башка социалдык тармактарда чагымчыл мүнөздөгү материалдарды камтыган аудио же текст түрүндөгү билдирүүлөр тарап кеткен учурлар көп эле кездешет. Андай маалыматтардын арасында датасы гана өзгөрүлүп ,жылдап интернетте айланып жүргөндөр да бар. Ички иштер министрлиги бул жаатта жигердүү иш аракеттерди жүргүзүп, маалыматтын чын-төгүнүн тактап келет. Ошол эле учурда министрлик жарандарды мындай билдирүүлөрдү интернет айдыңында таратуудан алыс болууга чакырып, эгер мындай учурларга күбө болсо, "102"ге билдирип коюуну суранат. Ал эми атайлап тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип кетер элем.

Новости по дате