http://www.ktrk.kg/Таланты талбаган Талгарбек ага

Таланты талбаган Талгарбек ага

3 Дек , 23:46 239

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын 60 жылдыгына карата даярдалып жаткан кыргыз телевидениесинин легендалары тууралуу репортаждар түрмөгүн улантабыз. Бул жолку каарманыбыз КТРКда 40 жылга жакын иштеген таланттуу журналист Талгарбек Мажиев.

22 жашында дал ушул КТРКнын радио бөлүмүнүн “Кабарлар” уктуруусуна кызматка келген Талгарбек Мажиевдин алгачкы иш күнү али да эсинде. Студент кезинде эле макала жазып, анча-мынча журналистика тармагына аралашып калган жаш журналист үчүн телерадио компаниясына келүү кол жеткис эле. Талгарбек ага келген жылдары кыргыз телевидениесинде азыркыдай техника, жабдыктар жана студия жок эле. Ардактуу эс алууга чыккандан бери КТРКга каттай элек журналист, акыркы 5 жыл аралыгында эле далай өзгөрүүлөр болгонун көрүп кубанычын жашырган жок. 

Алгач радиодо анан теледе жаңылыктар бөлүмүндө 7 жыл, андан кийин КТРКнын Талас жана Нарын облусу боюнча атайын кабарчысы болуп эмгектенген Талгарбек Мажиев, ардактуу эс алууга чыкканга чейин, тагыраак айтканда 40 жылга чукул эмгегин журналистикага арнап, дарак бир жерден көгөрөт деген накыл кепти туу туткандардан. Өлкөдөгү саясий иш-чаралардан баштап, социалдык-экономикалык жана маданият өңүтүндөгү сюжеттерди даярдап, өзүнүн жоопкерчиликтүү, иш билгилиги менен башкаларга да үлгү боло алган.

Көп жылдык тарыхы бар КТРКнын бул имараты жаңы курулган кезде анын босогосун аттаган Талгарбек ага, кийинчерээк курулган кошумча имараттын ар бир бөлмөсүн жана ошол кезде кайсы бөлмөдө кимдер отурганын да унута элек. Эмгек жолунда бир катар облустук, өкмөттүк жана президенттик сыйлыктарга татыган Талгарбек Мажиев, учурда ардактуу эс алууга чыкканына карабай, неберелерин да мамлекетке татыктуу кызмат кылууга тарбиялап, эл керегине жараган кесип ээлери болушуна өз салымын кошуп келет.

Новости по дате