http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Жер көчкүнүн айынан бир айылдын каттамы токтоду

Элдик репортер: Жер көчкүнүн айынан бир айылдын каттамы токтоду

4 Дек , 10:35 152

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылындагы Алыскы Миң-Куш участогунда 1-декабрда жер көчкү жүрүп, 30 түтүн калк жашаган айылдын каттамы токтоп калды. Тиешелүү мекемелердин өкүлчүлүктөрү келип кабар алышканы менен учурда бир гана техника тартылганын кабарлайт  аталган айылдын тургуну. 

Омкорулган жер менен кошо  суу түтүктөрү да жарылып, таза суусуз калдык. Учурда эч жакка каттай албай, балдарыбыздын окуусу да токтоду. Карьерде иш алып барган техника тартылып, ишти тездетеби деген үмүтүбүз да таш капты. Учурда бир гана экскаватор иштеп жатат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате