http://www.ktrk.kg/Кыргыз телеберүүсүнүн 60 жылдыгына карата КТРКнын гимни жаңырат

Кыргыз телеберүүсүнүн 60 жылдыгына карата КТРКнын гимни жаңырат

4 Дек , 23:36 207

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мына ушул чеберлер чыккан кыргыз телесинин 60 жылдыгына карата Коомдук биринчи каналдын гимни жаңырат. Бул КТРКнын алгачкы гимни. Сөзүн жана обонун каналдын таланттуу кызматкерлери жаратып, ага клип да тартылып бүттү.

Коомдук Биринчи каналдын жаңырыгы болгон дал ушул кайрыктан эми каналдын гимни башталат.
Төрт сап ырга каналдын 60 жылдык өмүрүнүн боёктору сүртүлгөн. КТРКнын кылымга тете кызматын Акбар Кубанычбеков ыр саптарына түшүргөн.
Нурдин Төрөбеков бул үн жазуучу студияда далай көрсөтүүлөрдүн музыкасын жазган. КТРКнын обосунан обологон, биз жаттап калган кайрыктардын автору 15 жылдык өрнөктүү өмүрүн ушул студияда өткөрдү. Обончу өлкөнүн башкы каналынын алгачкы гимнинин обонунун автору катары КТРКнын тарыхында калды.

Кыргыз телеси түптөлүп, өлкөнүн өрүш алышына бараандуу салымын кошуп, заман менен тең жарышкан бейнеси жана учурдагы жетишкендиктери гимндин клибинде ыргакталып көрсөтүлөт. Аны белгилүү клип жасоочу Эрнист Сыдыков тасмага түшүргөн.
Гимн өзгөчө идеологияга ээ. Салмактуу сөзү жана көкүрөктө сыймыктануу сезимин ойготкон обону теле кызматкерлерине дем берип, чыгармачылык бийиктиктерге жетелейт.
Гимн менен кошо КТРКнын урааны да жаңырды. Эми Кыргызстандын биринчи каналы “Улутума мурас!” деген терең маанилүү чакырык менен көчүн улайт.





Новости по дате