http://www.ktrk.kg/Экрандын чолпон жылдызы Анаш Кадырова

Экрандын чолпон жылдызы Анаш Кадырова

4 Дек , 23:14 226

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“КТРКнын легендалары” тууралуу репортаждар сериясын улантабыз. 70-80-жылдарда кыргыз телесинин обосу ого бетер көркүнө чыгат. Анткени, экранда Анаш Кадырова чолпон жылдыздай жаркырап чыга келет. Анаш Кадырова көгүлтүр экранга ширелишкен өң-келбети жана кулакка жагымдуу мукам үнү менен жалпы кыргыз элинин жүрөгүндө күнү бүгүнкүдөй сакталып калды. Экран жылдызы өзүнүн жаңычылдык ой-чабыты жана эсепсиз эмгеги менен кыргыз телесинин тарыхында өчпөс из калтырды.

Келбети келишимдүү, үнү мукам, кыргыз телесинин чыныгы жылдызы дегенде, көпчүлүк Анаш Кадырованы эстесе керек. Ошол биз билген легендарлуу диктор 20 жылдан кийин телекөрүүчүлөрү менен экран аркылуу саламдашты.
Ажарлуу диктор 70-80-жылдары кыргыз телесинин обосун ого бетер көркүнө чыгарган. Экрандан чолпон жылдыздай жаркырап, журналист жазган текстке жан киргизип, талбаган эмгек, табигый таланты менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланат.
Анаш Кадырова теледеги эмгек жолун үн режиссёрлуктан баштаган. Анын уккулуктуу, кулакка жагымдуу үнү көпчүлүктүн көңүлүн буруп, эң алгач Ош телестудиясынын экранында жылдызы жанат.
Анаш Кадырова жигердүү ишмердүүлүгү менен аз убакта 1-категориядагы диктор наамына татыйт. Дайыма бир иштин үстүнөн чыгып, башкалардан идиректүүлүгү, зээндүүлүгү менен айырмаланып өлкөнүн башкы каналынын жетекчисинин орун басарлык кызматына көтөрүлөт. Теле жана радио тармагын жадыбалдай жатка билген адистин келиши менен, кыргыз радиосу жаңы стандарт менен иштей баштайт.

Белгилүү теле ишмери тузу оор бул тармакта эркектер менен тең тайлаша иштеп, эл оозунда калчу эмгек жасады. Сулуулугу менен кайраттуулугу жуурулушкан теле жылдызы өзү өскөн каналдын 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Калың журтка аттын кашкасындай таанылган дикторго эсепсиз эмгеги үчүн бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. КТРКнын отличниги, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер азыр да теледеги эмгек жолун улантып, 2017-жылдан бери Коомдук Биринчи каналдын Байкоочу кеңешинде бул тармактын ийгилик-кемчилигин талдап турган чагы.



Новости по дате