http://www.ktrk.kg/КТРК чеберлер чыккан өнөркана

КТРК чеберлер чыккан өнөркана

4 Дек , 0:04 216

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

60 жылдык жолду басып өткөн Коомдук канал, көптөгөн өмүрү өрнөк адамдар иштеп кеткен куттуу жер катары эсептелет. Өлкөнүн башкы каналында эмгектенген адам, турмуштун ысык-суугуна бышып, кайсы тармак эмне иш алып барат баарына көзү каныгып, өрнөктүү өмүрүнө чыйыр салат десек жанылышпайбыз. КТРКнын уясынан учуп чыккан адамдар бай тажрыйба топтоп, азыр башка белдүү кызматтарды аркалап келет. 

Чынгыз Эсенгулов КТРКнын босогосун 2007-жылы аттап, алгач кабарчы катары маалымат чогултуп иштеген. Андан соң жылдызы жанган жаш жигит “Ала-Тоо” маалымат программасында 3 жыл бою алып баруучу болуп, өзөктүү окуяларды калкка жеткирип турган.

Чыңгыз жеке жашоосуна чыйырды телевидениеде салган. Ал теле тармагында эмгектенип жүрүп үй-бүлө, дос-курбу күткөн. Азыр өкмөттүн маалыматтык кызматын жетектеген белдүү кызматкер Коомдук каналдын эмгек жамааты менен таанышкан алгачкы көз ирмемдерди кубануу менен эскерди. 

Учурда Чыңгыз Эсенгулов өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуяларга активдүү аралашат. Анын милдети өкмөттө жасалып жаткан жумуштарды калкка жеткирүү. Мурун ал микрофон сунуп маалымат алса, азыр тескерисинче өзү маалымат берет. Турмушта бай тажрыйбага ээ болгон Чыңгыз КТРК жашоомдо чоң мектеп болду деп сыймыктануу менен белгиледи.

Рахат Сулайманов кайсы бөлмөдө ким отуруп, кандай иш алып барганын унута элек. Бул редакцияда мурун Ала-Тоо программасынын эмгек жамааты эмгектенчү. Рахат Сулайманов 2007-жылы жаңылыктар студиясынын продюсери болуп эмгектенип, Коомдук каналдын казанында кайнаган.

Рахат Сулаймановду эл коопсуздук кызматынын өкүлү катары тааныйт. Ал ар дайым орчунду кылмыш иштери тууралуу маалыматты биринчи болуп жарыялайт. Жоопту кызматка чейин ал дагы КТРКда из калтырган. Теле жаатында алып баруучу болуп, көптөгөн берүүлөрдү алып барып элге таанылган. Ал кайда иштесе дагы Коомдук каналды жүрөгүнө жакын алат.

Рахат сулайманов КТРКда жалпы 10 жылга жакын эмгектенген. Ал башкы канал кутту жер, өзүнчө бир өнөркана, теле тармагына маңдай тер төгүп, ысык-суугуна күйгөн адам аракеттенсе сөзсүз түрдө жогору карай көтөрүлөт деп эсептейт.

КТРКнын казанында кайнап, жашоодо өз жолун тапкан сыймыктанчу кесиптештерибиз көп. Алардын бийиктешине өз учурунда кут даарыган Коомдук канал тепкич болуп берген.


Новости по дате