http://www.ktrk.kg/"Күндаректи" күүгө салган Курманбек Рысбаев

"Күндаректи" күүгө салган Курманбек Рысбаев

6 Дек , 23:40 280

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзүнүн келишимдүү келбети жана коңур үнү менен көрармандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Курманбек Рысбаев алгач КТРКнын жаңылыктар бөлүмүндө кабарчы болуп иштеп, далай маанилүү маектерди жана урунтуу окуяларды чагылдырып элдин эсинде калган. 

Жаңыдан кыргыз телевидениесине келген жылдары өзүнүн кесибин биринчи орунга коюп, абдан аздектегендиктен 1 жыл бою маяна албай штаттан сырткаркы кабарчы болуп иштегенге да кайыл болгон эле.


Кесиби журналист болсо дагы жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин ар кыл тармакта өзүн сынап көргөн. 

Бирок көөдөнүндөгү чыгармачылыгы тынч ала албай, акыры өзү каалап окуган, сүйгөн кесиби боюнча иштеп, КТРКдан чыгармачылыгынын пайдубалын түптөп кетти.

Кезегинде өлкөдө болуп жаткан урунттуу окуяларды эфирге чагылдыруу менен бирге, алып баруучулукту да өздөштүрүп, мурда бир гана кечкисин эфирге чыгуучу жаңылыктардын алгачкы ирээт күндүзгү чыгарылыштарын түптөп кеткен журналисттердин бири. Түз эфирде болгон окуяларын али күнгө чейин унутпайт.

Курманбек Рысбаев үчүн КТРК бир гана жакшы мектеп болуп калбай, далай устаттардан тарбия алган, өзүнүн аброюн көтөрө алган, Кыргызстандын баардык аймактарын түрө кыдырган жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүн көрүүгө шарт түзүп берген куттуу жай болуп калды.


Новости по дате