http://www.ktrk.kg/Н.Бурханова: максаттарымды ишке ашырууга жан дилим менен белсенип келем

Н.Бурханова: максаттарымды ишке ашырууга жан дилим менен белсенип келем

7 Дек 2018 , 22:54 791

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тажрыйбасы бай КТРКнын өнүгүшүнө салым кошкон легендарлуу инсандар жөнүндөгү көрсөтүүбүздү улантатбыз. Бүгүнкү каарманыбыз 10 жылдан ашык Кыргыз телевидениесинде эмгектенип, эфирдин жүзү жана жылдызы болгон Нуржамал Бурханова туурасында болмокчу.

Кыргызстан эле эмес бүткүл Азия баалаган ажарлуу алып баруучу Нуржамал Бурханова 10 жылдан бери “Ала-Тоо” маалымат программасын алып барып, өлкө элин соңку жаңылыктар менен кабардар кылып келет. Азыр да түз эфирге даярданып жаткан учуру.

Эфирдин жылдызы аталган теле алып баруучу кабарчылыктан тартып башкы редакторлукка чейинки жооптуу кызматтарды аркалады. Эл үчүн арнаган кызматыңды элиң баалагандан өткөн бакыт жок. Ошондой бактылуу сезимдерге эгедер кылып, эмгегин баалап барктагандарга ыраазы экендигин айтат. Көрүүчүлөрдүн сүйүүсү менен катар Жогорку Кеңештин жана баардык министрликтердин сыйлыктары бар.


Новости по дате