http://www.ktrk.kg/КТРК журналисттердин алдыга өсүүгө умтулуусуна дем берет

КТРК журналисттердин алдыга өсүүгө умтулуусуна дем берет

10 Дек 2018 , 5:10 1771

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Келбети, үнү, тунук акылы, кесиптик чеберчилиги менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Лунара Мамытова жана Рахат Садырбекованын атын укпаган, тааныбагандар болбосо керек.

“Ала-Тоо” маалымат программасынын кечки жаңылыктары. 2006-жылы кыргыз телесинин экранында коңур үндүү, башкалардан айырмаланган келбети менен Лунара Мамытова деген ысым пайда болгон. Ал экрандан чыгаары менен калың журтка таанылып, суктанбаган жан калган эмес. Жаштыгы, энергиясынын ашып ташып турганы эфирден байкалып турчу. 2008-жылы Интерньюс уюмунун “Аракет” сыйлыгын жеңип алып, республикадагы эң мыкты алып баруучу наамына ээ болгон.
Лунара кечки эфирдин жүзү болуп, ашып ташкан энергиясын, убактысынын баарын жумушка арнаган. Башкалардан дагы бир айырмасы кыргыз, орус, англис, түрк тилинде эркин сүйлөп, жаңылыктарга материалдарды жасап, атактуу адамдардан ар башка тилде интервьюларды алып, мамлекеттик маанилүү иш чараларды түз эфирде алып барган.

Лунара Мамытова 9 жылдык КТРКдагы жумушунда бир канча автордук программаларды даярдап, документалдуу фильмдерди тарткан. Лунара журналисттик кесип атасынан өткөн. Атасы Улукбек Мамытов 30 жылдык өмүрүн кыргыз телесине арнаган.
Телевидениеде ийгиликтүү каръера жасаган Лунара Мамытова 2015-жылы өзүн саясатта сынап көрүүнү чечип, Жогорку Кеңештин депутатты болуп шайланган.

 

2016-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалып, калктын аялуу катмары болгон, балдар, карылардын маселелерин чечүү боюнча иштерди жасаган.
Рахат Садырбекова деген ысымды укпаган кыргызстандык мындан 10 жыл мурда болбосо керек. Кыргызстандыктар 2000-жылдардан 2009-жылдарга чейин өлкөдөгү саясий кабарларды, президенттин жасаган иштерин Садырбекованын үнү менен угуп, анын көзү менен көрчү.

Микрофон көтөрүп, экрандан жаңылыктарды айтуу Рахат Садырбекованын бала кезиндеги кыялы болгон. Ал кыялына жетүүнү күзгүнүн алдынан баштаган. Микрофондун ордуна тарак менен стендап жасаган кесиптешибиз теледен өз ордун тапкан соң, үй-бүлөнү тандап, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматта ишин ийгиликтүү улантып келет. 

КТРК журналисттер үчүн чоң мектеп. Кыргыз телевидениесинин ашканасынан даам таткан ар бир кызматкерди кыргызстандыктарга таанытып, ошол эле маалда чыйралтып, алдыга өсүүгө умтулуусуна шыкак берет - дешет бүгүнкү каармандарыбыз.


Новости по дате