http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "Кыргызстан адам укуктарын сыйлаган жана коргогон өлкө"

Сооронбай Жээнбеков: "Кыргызстан адам укуктарын сыйлаган жана коргогон өлкө"

10 Дек 2018 , 15:33 930

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Адам укугунун жалпы декларациясында камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келет. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференцияда билдирди. Президент өз сөзүндө, Кыргызстан адам укуктарын сыйлаган жана аны коргогон өлкө экенинин ушул конференция тастыктарын белгиледи. Баш мыйзамды да, парламентти да бир өңүттөн — адам укуктарын коргоо призмасы аркылуу кароо — конференциянын жемиштүү болооруна өбөлгө түзөрүн айтты. 

Ошондой эле, мамлекет башчы адам укуктарынын жалпы декларациясы — дүйнөдөгү эң маанилүү жана эң белгилүү документ экенине токтолуп, бул декларацияда камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келерин, анда жазылган аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу, адамдардын улутуна, тилине, динине карабай бирдей укугун таануу, коомдогу достук мамилелерди чыңдоо чакырыктары — ата-бабалардын аздектеп келген баалуулуктары менен үндөш экенин кошумчалады. 

Мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан бул ири иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.


Новости по дате