http://www.ktrk.kg/Адам укугунун абалы

Адам укугунун абалы

10 Дек 2018 , 3:28 2010

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан Адам укугунун жалпы декларациясында камтылган идеяларды жүзөгө ашыруу үчүн чечкиндүү иштерди баштады. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков аталган документтин кабыл алынышынын 70 жылдыгына, өлкө Конституциясынын 25 жылдыгына жана кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган конференцияда билдирди. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан иш-чарада адам укугунун маанилүү маселелери көтөрүлдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында 70 жыл мурда кабыл алынган декларация бардык адамдардын укуктарына аныктама берген. Кыргызстан бул документти Орто Азия өлкөлөрүнөн алгачкылардан болуп 1994-жылы тааныган. Бирок андагы принциптер Кыргызстанда кандай деңгээлде сакталып жатат? Президент декларациядагы идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келээрин белгиледи. Конференция аталган документтин кабыл алынганынын 70 жылдыгы менен бирге, баш мызамдын 25, ал эми кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесинин урматына да уюштурулду. 

Адам укугунун жалпы декларациясы жарандардын дин тутуу эркиндигин, коомдук жана саясий эркиндикти камсыз кылууга чакырат. Ошондой эле сот адилеттигин орнотуу да анын негизги багыты. Мамлекет башчысы дал ушул сот акыйкаттыгына байланыштуу да маселе көтөрүп, бул багытта жүрүп жаткан реформа тууралуу айтты. Адам укугуна байланыштуу көйгөйлөрдүн катарында кыйноолордун да өлчөмү бар. Кылмышка шектелгендер эрежеде көрсөтүлгөндөй суракка алынбастан, убактылуу кармоочу жайларда запкы тартышат. 

Айрым маселелер өлкөнүн жогорку жетекчилигинин жардамы менен четинен чечилүүдө. Укук коргоочу Назгүл Турдубекова балдар укугун коргоо боюнча бир катар демилгелерди көтөрүп, ал президенттин колдоосуна татыган. Жергиликтүү укук коргоочулар, тиешелүү тараптардан айтылган көйгөйлөр эл аралык уюмдардын да назарында. Кыргызстан адам укугуна байланыштуу милдеттенмелерди так аткарууга аракет көрүп жатканы менен жогоруда белгиленген маселелерди чечүү талап кылынат.

Кыргыз өкмөтү тааныган адам укугу боюнча документтердин катарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар боюнча конвенция да бар. Аталган документке 2011-жылы кол коюлганы менен, ал парламентте ратификациялана элек. Конвенцияда майыптардын ыңгайлуу коомдо жашашын камсыз кылган бардык жайгдайлар каралган. Жогорку Кеңеш парламент тарабынан талап кылынган ишти аткарууга киришкени турат.


Новости по дате