http://www.ktrk.kg/Мыйзамсыз бейтаптарды дарылаган табыпка кылмыш иши козголду

Мыйзамсыз бейтаптарды дарылаган табыпка кылмыш иши козголду

11 Дек 2018 , 10:33 1357

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эч кандай медициналык уруксат кагаздары жок болсо да бейтаптарды дарылаган Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу" беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдады. 

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги чуулгандуу табып Хашим Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, бирок жабылып калган. Саламаттык сактоо министрлиги учурда ал кайрадан оор дартка туш болгон бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, мындай ыкма эч бир медициналык талапка шайкеш келбей тургандыгын эскертүүдө. 

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор акыбалда беш жаштагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан ал секелекти Хашим Зайналиев дарылаганы айтылууда. Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандар болгон.

Новости по дате