http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Ала-Тоо 3 конушунун көчөлөрүнөн басууга мүмкүн болбой калды...

Элдик репортер: Ала-Тоо 3 конушунун көчөлөрүнөн басууга мүмкүн болбой калды...

11 Дек 2018 , 6:50 131

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын бир нече көчөлөрү жамгырлуу күз айынан, андан кийинки түшкөн суу кардан кийин мышык ыйлай турган абалга кептелди. Өзгөчө таң эртең балдарын бала бакчага жөө-жалаң ташыгандар жана мектепке каттаган окуучулар бутунан башына чейин баткакка батып, кыйналып жатышат.

Шайлоо алдында  ушул көчөлөргө оңдоо иштери жүргүзүлөт деген убадаларын алганбыз. Бирок куру убадалар аткарылмак турсун эске да алынган жок. Жок дегенде мектепке каттаган көчөгө таш-кум төгүп беришсе жакшы болот эле.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате