http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Ооруканадагы кезек күтүү системасы качан жөнгө салынат?

Элдик репортер: Ооруканадагы кезек күтүү системасы качан жөнгө салынат?

11 Дек 2018 , 7:16 115

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Саргайып кечке кезек күтүп, бооруна кыскан жаш энелерди же оор үшкүргөн улгайган адамдарды Кыргызстандын ар бир аймагындагы ооруканасынан кезиктирүүгө болот. Ал эми тейлөө сапаты жакшы жеке менчик ооруканаларга барып көрүнгөнгө чөнтөк жол бербейт. Айла жок ушундай шартка чыдап көрүнүүгө туура келет. 

Ушундай жагдай Таш-Көмүр шаарынын №1 үй бүлөлүк ооруканасында да бар. Дарыгерлердин жетишсиздигинен жана кайрылгандардын көптүгүнөн кезек күткөндөрдүн агымы сыртка чейин чыгып турганын видеодон көрүүгө болот.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате