http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: кыштын суугунда жарыгы өчүп, жалдыраган айылдыктар

Элдик репортер: кыштын суугунда жарыгы өчүп, жалдыраган айылдыктар

11 Дек 2018 , 8:20 167

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыштын түшүшү менен электр энергиясын колдонуулардын саны өсүүдө. Мисалы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи май айыл тургундары кыштын суугунда жарыктын улам өчүп жатканын айтып нааразы болушууда. 

"Биринчи май айылынын тургундарыбыз, биз жашаган К. Аблакимов көчөсүнүн бардык үйлөрү бир электр чубалгысында отурабыз. Бир көчө үчүн бир эле фаза тартылган, негизи үч фаза болуш керек эле. Болгону дагы эки чубалгы тартып койсо маселе чечилмек. Жарык өтө начар, араң эле күйгөнү аз келгенсип, күндө өчөт. Кимге барып арызданышты билбейбиз, райондук электр тармагына бүгүн да бардык долбоорго кирген, иш кийинки жылы аткарылат дейт. Жылда ушул эле көрүнүш, же өзүбүз акча чогултуп жасайлы дедик, кошуналар урушуп аны да токтоттук. Эмне кылышты билбейбиз, электрдин кубаттуулугу 160 вольтту көргөзүп жатат",- дейт видео жөнөткөн аталган айыл тургуну. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате