http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Тротуары жок оңдолгон көчө кооптуулук жаратууда

Элдик репортер: Тротуары жок оңдолгон көчө кооптуулук жаратууда

11 Дек 2018 , 7:53 184

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каракол шаарынын Карасаев көчөсүнө мындан 3-4 жыл мурун оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт төшөлгөн. Бирок жөө адамдар басуучу тротуар жагы каралган эмес. Бул жерде автоунаалардын ылдамдыгы аябай жогору болгондуктан жолдун жээги менен каттаган жергиликтүү тургундар үчүн аябай эле кооптуулук жаратууда. Айрыкча мектеп окуучуларынын каттоосунан сар-санаага баткан ата-энелер көп.

Жолдун эки тарабына тең тротуар түшкөн эмес. Кыш учурунда жолдун жээгине топтолгон карды жиреп эптеп каттап жатабыз. Асфальт төшөп оңдошпосо дагы, жок дегенде тегиздетип,  басууга тротуар салып беришсе жакшы болот эле.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате