http://www.ktrk.kg/Жумгал районунда каза болгон окуучунун өлүмү боюнча иш козголду

Жумгал районунда каза болгон окуучунун өлүмү боюнча иш козголду

11 Дек 2018 , 23:31 1834

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жумгал районунда каза болгон 8-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1, 2-бөлүмү менен иш козголду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай 9-декабрь күнү Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын “Ынтымак” спорт ордосунда аталган айыл менен Беш-Терек айылынын 8-классынын окуучулары волейбол ойноп жатып мушташа кетишкен. Жыйынтыгында Жумгал районунун Беш-Терек айылында жайгашкан орто мектептин 8-классынын окуучусу, 2004-жылы туулган окуучу каза тапкан. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 



Новости по дате