http://www.ktrk.kg/Бүгүн залкар талант Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

Бүгүн залкар талант Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

12 Дек 2018 , 10:57 1699

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. 

Ал “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман, повесттери менен дүйнөгө таанылган. Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. 

Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Бишкекте жазуучунун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Жыл ичинде Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет мамлекеттерде да жазуучуну эскеришти. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына, 12-декабрь - Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Ошондой эле, бүгүн 12-декабрда Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган чоң салтанат өтүүдө.

Новости по дате