http://www.ktrk.kg/Миң-Куштагы "Жумгал Суу Курулуш" ишкана аймагында жер көчкү жүрдү

Миң-Куштагы "Жумгал Суу Курулуш" ишкана аймагында жер көчкү жүрдү

12 Дек 2018 , 16:47 1434

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш тилкесиндеги "Жумгал Суу Курулуш" көмүр казган ишканасынын аймагында көлөмү болжол менен 600 миң метр куб жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 45 миң метр куб жер көчкү тилкеге баруучу унаа жолду жаап калды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, ички чарабалык унаа жолду тазалоого "Жумгал Суу Курулуш" ишканасынан 2 самосвал, 1 эксковатор, "Бусурманкул Т" ишканасынан 1 самосвал тартылган. Бүгүнкү күнгө чейин тартылган күчтөрдүн жардамы менен Миң-Кушка баруучу ички чарбалык унаа жолго түшкөн жер көчкүнүн 48 миң метр куб бөлүгү тазаланган, бирок жер көчкү кайрадан сүрүлүп түшүүдө. Жергиликтүү тургундар айланма жол аркылуу каттап жатышат.

Новости по дате