http://www.ktrk.kg/Токтогулдун Торкент айылында маданият үйү өрттөнүп кетти

Токтогулдун Торкент айылында маданият үйү өрттөнүп кетти

12 Дек 2018 , 16:28 1344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул районунун Торкент айылындагы маданият үйү өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, тилсиз жоо 12-декабрга караган түнү чыккан. Анын кесепетинен болжол менен имараттын 455 чарчы метр аянты күйгөн. 

Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылган. 1948-жылы курулган маданият үйүнүн бир бөлмөсү китепкана катары колдонулган. Анын ичиндеги 11 700 даана китеп жана мүлк толугу менен өрттөнүп кеткен. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу бөлүгү өрттүн чыгуу себебин жана зыянын тактап жатат.


Новости по дате