http://www.ktrk.kg/Калкты түйшөлткөн коррупция

Калкты түйшөлткөн коррупция

12 Дек 2018 , 22:45 1482

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт. Бийлик жемкор жетекчилерге карата катаал чара көрүлөөрүн эскертүүдө. Коррупцияны ооздуктоо үчүн системалуу иш-чаралар жүргүзүлөт. Соңку учурда болгон окуялар коомчулуктун назарын бурду.


Коррупцияга каршы күрөш маанилүү кызматтарды аркалаган жетекчилердин эсепсиз байлыктарын ачыкка чыгарууда. Ири өлчөмдө пара алуу, мыйзамсыз байлык топтоого байланыштуу козголгон кылмыш иштери коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Мыйзамсыз иштери ачыкталып, камакка алынгандардын катарында мурдагы да, кийинки да кызмат адамдары бар. Кошумча нарк салыгын бюджеттен өз чөнтөктөрүнө кайтарып алуу, Жылуулук электр борборун жаңылоодо каражаттарды максатсыз сарптоо, ири өлчөмдө пара алуулар, бажыдагы коррупция, айтор жыл башынан бери чуулгандуу иштер арты-артынан ачыкка чыкты. Бул окуялардан коомчулук кабардар. Мамлекетти бүлүндүргөн жемкорлукту бүтүндөй эл айыптайт.

Анткен менен коррупцияга каршы күрөшкөн мекемелердин өзүлөрү паракорлуктан арылса деген да пикирлер аз эмес. Көйгөйдүн тамырын кыркыш үчүн кылмыштын кесепеттери менен гана күрөшүү аздык кылат. Жемкорлукка каршы аракеттерде коомчулуктун колдоосу зарыл.



Новости по дате