http://www.ktrk.kg/Нарын районунда көмүрдүн тоннасы 4000 сомго чейин сатылууда

Нарын районунда көмүрдүн тоннасы 4000 сомго чейин сатылууда

13 Дек 2018 , 11:49 1241

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын районунун айылдарында көмүрдүн бир тоннасы 2500 сомдон 4000 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү бийлик айыл тургундары менен жолугушуп, көмүр кампалары текшерилүүдө. Ошондой эле, социалдык объектилердин нормага ылайык жылытылышы, көмүрдүн сапаты, от жагуучу мештердин жана печкалардын иштеши текшерилип жатат.

Акимчиликтен билдиришкендей, районго эки контейнер коюлуп, көмүр кампалар ачылган.

«Көмүр кендерине жакын айылдарда 1 тонна көмүр 2500 сомдон, ал эми алыскы айылдарда 3500 сомдон 4000 сомго чейин сатылууда», - деди ал.

Новости по дате