http://www.ktrk.kg/Ысык-Көлдө рейд учурунда 12 мас айдоочу кармалып, айып салынды

Ысык-Көлдө рейд учурунда 12 мас айдоочу кармалып, айып салынды

13 Дек 2018 , 12:01 425

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында 1-декабрдан 11-декабрга чейин рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, рейдге РИИБ боюнча ЖКККБнын өздүк курамындагы 8 кызматкер чыгып, алар 11 күн ичинде жол эрежесин бузгандыгы үчүн 255 айдоочуга протокол түзүшкөн. Анын ичинен 12 протокол мас абалында унаа башкарган айдоочуларга түзүлүп, айып салынган.

Айдоочуларга мыйзамга ылайык жаза колдонулуп, айрымдарынын унаалары унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Новости по дате