http://www.ktrk.kg/Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечим жокко чыгарылды

Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечим жокко чыгарылды

13 Дек 2018 , 13:46 1954

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Конгантиевге козголгон иш анын жактоочусу Икрамидин Айткуловдун сунуштамасына ылайык, "кылмыш аракети жок" деген жүйө менен быйыл 18-июнда кыскартылганын УКМК бышыктаган. 

Үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага бул ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 2008-жылдын январынан 2010-жылдын апрелине чейин Ички иштер министрлигин жетектеген.

Новости по дате