http://www.ktrk.kg/Беларусь Республикасында Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына көргөзмө ачылды

Беларусь Республикасында Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына көргөзмө ачылды

13 Дек 2018 , 14:55 618

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Беларусь Республикасынын Улуттук китепканасында улуу жазуучу жана дипломат Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына көргөзмө ачылды. Анда жазуучунун мыкты чыгармалары, өмүр жолун баяндаган китептер коюлду. 

Арасында беларусь тилине которулган “Жамийла”, “Биринчи мугалим” повесттери жана “Кылым карытар бир күн” романы бар. Ошондой эле Айтматовдун дипломаттык ишмердүүлүгүндө кол коюлган маанилүү документтердин фото көргөзмөсү коюлду. Чынгыз Айтматов түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу катары Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн, ЮНЕСКО болсо анын чыгармаларын Шекспир жана Толстойдон кийинки дүйнөдө эң көп окулган китеп деп тапкан. Чыгармалары 80 миллиондон ашык нускада басылып, дүйнөнүн 176 тилине которулган.

Новости по дате