http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: караңгы, суук залда машыккан айылдык спортчулардын көйгөйү качан чечилет?

Элдик репортер: караңгы, суук залда машыккан айылдык спортчулардын көйгөйү качан чечилет?

13 Дек 2018 , 18:22 655

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада көрүнүп тургандай, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Башкы - Терек айылында кар 50 сантиметрге жетип аба ырайы өтө суук. Бул айылдагы күрөш залында электр энергиясы жок, жылытуу, суу ысытуу бары электр менен жүргүзүлгөндүктөн машыгууга шарт жок. Учурда жарык жана жылуулук жок болсо да балдар залда жылуу кийинип алып машыгып жатышат.

"Биз тиешелүү тараптын барына кайрылып жарыкты күйгүзүп берүүсүн сурандык, бирок эч кандай жыйынтык жок. Улам эртең деп убада берип келишет, арадан үч ай өттү. Негизи эле биздин залда электр энергиясы 3 жылдан бери чоң көйгөй. Жылда ушул эле көрүнүш, сапатсыз электр жабдыктарын жылда келип орнотуп кетишет, анысы тез эле бир айга жетпей бузулат. Жаштарды спортко үндөп, аймактарды өнүктүрөбүз дейбиз, бирок иш жүзүндө абал ушундай",- дейт видео жөнөткөн айыл тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате