http://www.ktrk.kg/Кыргызстан полиэтилен баштыктары менен пластик буюмдардан арылуунун жолун издөөдө

Кыргызстан полиэтилен баштыктары менен пластик буюмдардан арылуунун жолун издөөдө

9 Апр , 19:40 603

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ал арада Кыргызстан полиэтилен баштыктары менен пластик буюмдардан арылуунун жолун издеп жатат. Жаратылышты жабыркатпаш үчүн экологдордун да сунуштары бар. Жогорку Кеңеште бул багытта мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлган. Демилгечи тарап полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салуу тажрыйбасын алгач Ысык-Көлдө сынап көрүүнү сунуштоодо.

Эколог адистер полиэтилен баштыктары менен пластиктер жаратылышты жабыркатып, бүтүндөй дүйнөгө көйгөй жаратып жатканын эскертип келишет. Күнүмдүк турмуш-тиричиликте андан кутулууга мүмкүн болбой калгандай. Таштандылардын көпчүлүк бөлүгүн курамында дал ушул зыяндуу заттары бар бөтөлкө, баштык, буюмдар түзүп жатат.

Маселенин канчалык олуттуу экенин шаар тургундары да сезе баштагандай. Мындан улам буюмдардын башка түрлөрүн колдонууну эп көрүп, аны башкаларга да сунуштагандар бар.

Шаарда экологиялык жактан талапка ылайыктуу делген буюм-тайымдарды саткан дүкөн, күркөлөр пайда болууда. Анда баштыктарды да табууга болот.

Полиэтилен баштыктары менен пластиктер чирип жок болбой, таштанды катары гана түйшүк жаратпастан, жан-жаныбарларга да оору алып келет деген адистердин корутундусу бар. Ысык-Көлдө балыктын ордуна пластиктер калкып калабы деген кооптонуудан улам, Жогорку Кеңеште атайын мыйзам долбоору демилгеленди. Ага ылайык экологияга зыяны тийип жаткан бөтөлкө, баштык, түрдүү буюмдарды колдонууга тыюу салуу тажрыйбасын алгач Ысык-Көлдө сынап көрүү сунушталууда. Бирок бөтөлкө, баштык өңдүү турмуш-тиричиликте көп колдонулган каражаттарды чыгарып жаткан ишкер чөйрөнүн да пикири угулат.

Долбоорду ишке ашыруунун так убактысы белгилене элек. 2021-жылга болжолдонууда.

Новости по дате