http://www.ktrk.kg/Кара-Дыйкан айылында жаштар ашар ыкмасы менен көпүрө курушууда

Кара-Дыйкан айылында жаштар ашар ыкмасы менен көпүрө курушууда

13 Дек 2018 , 9:03 475

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын жаштары аймактын көйгөйүн чечүүнү колго алышкан. Алар ашар ыкмасы менен жүк ташуучу унаа өтүүчү көпүрө куруп жатышат.

Быйыл, Кара-Дыйкан каналына алгачкы ирет көпүрө түшүп жатат. Саамалык Кара-Дыйкан айылынын жаштары тарабынан демилгеленген. Жыл башында “Жаштар уюму ” аталышында топ ачылып, Орусия, Корея сыяктуу чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн Кара-Дыйкандык мекендештерди тартып, айыл муктаждыктарын чечүүгө кол кабыш кылууну чечишкен. Арапбай бул топтун администратору.
Көпүрөнүн узуну 6, эни төрт метрди түзөт. Чакан болгону менен мааниси чоң. Элеттиктердин 30 жылдан берки коңшу айыл аркылуу айланып өткөн убаракерчилигин жоёт. Анткени, каналдын аркы өйүзүндө 7 миңдей элдин 3 миң гектарга чукул үлүш жери бар.
Ашар ыкмасында курулуп жаткан курулуш атайын адистердин көзөмөлүндө. Чиймеси чийилип, наркы аныкталган. Ал бир жарым млн. сомго чамалайт. Курулуш материалдарына ӨКМ да жардам берген.

Элдин жүгүн ынтымакта, жабылы көтөрүп жаткан аракеттер дээрлик ар бир айылда кезигүүдө. Алсак, жыл ичинде Өзгөн районунун аймагында мындай ашар ыкмасында 5 көпүрө, 12 бала бакча курулган. Элдин өз күчү менен жалпы 111 млн. сомго иш аткарылган.

Өзгөн районуна аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жалпы 1 млрд. 300 млн сомдой инвестиция тартылган. Ар кандай багыттагы 11 ишкана ачылып, 350 жаңы жумуш оруну түзүлгөн.


Новости по дате