http://www.ktrk.kg/Баткен облусунун Миң-Өрүк айылында алгач ирет бала бакча ачылды

Баткен облусунун Миң-Өрүк айылында алгач ирет бала бакча ачылды

13 Дек 2018 , 9:07 2213

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Мин-Өрүк айылына балдар бакчасы салынып, пайдаланууга берилди. Эми чек арадагы жеткинчектер бала бакчада тарбияланышат. 4 миллион сомго курулган бакча айылдагы мектепке чейинки балдардын баарын камтыйт. Айылда алгачкы жолу балдар бакчасы ачылып, биринчи жолу жеткинчектер жаңы имараттын босогосун атташты.

Буга чейин балдар бакчасына барбаган балдар, жаны имараттын босогосун аттап, бири кубанса, бири көнө албай ыйлап жатышат. Күн сайын ата-энесинин жанынан чыкпаган бөбөктөр эми бакчада тарбия ала башташат. Балдарын алгачкы жолу бакчага алып келген ата-энелердин да кубанычында чек жок.

Балдар бакчасы 25 орундуу. Бирок айылдагы 70 баланы камтуу үчүн 3 тайпага 3 сааттан убакыт берилген. Ар биркаанажылуулукмененкамсызболуп ,балдардынөзалдынчаойноосуүчүнбардыкшарттартүзүлгөн. Азырынчажатагыжанатамак ашы карала элек.

Самаркандек айыл өкмөтүнүн Мин-Өрүк айылында мектепке чейинки 6 мекеменин ачылышы менен кошумча жумуш оруну да түзүлдү. Айылдагы бош жүргөн кыз-келиндер бакчага жумушка орношуп, иштей башташты. Акбермет Адыбек кызы - тарбиячы, ал балдарга мээримин төгүп иштеп жаткан учуру

Жаны имаратка 4 млн сом каралса, анын1,5 млну жергиликтүү бюджеттен бөлунгөн. Ал эми 100мин сомун ата-энелер чогултуп беришкен.


Новости по дате