http://www.ktrk.kg/Келерки жылдын башында Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

Келерки жылдын башында Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

13 Дек 2018 , 9:04 521

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Келерки жылдын февраль айынын башында Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилет. Бул туурасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. Бүгүн Өкмөт башчы долбоорду жайылтуу маселелери тууралуу жыйын өткөрдү.

Долбоордун биринчи кадамы Бишкектин көчөлөрүндөгү 38 кесилиштеги жана негизги 4 көчөдө башталат. Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Манас аба майданы, Бишкек-Чалдовар жана Бишкек-Кордай унаа жолдорундагы жол эрежесин бузууну аныктай турган жабдыктарды орнотуучу жайлар изилденип бүттү. Бул аймактардагы жол кыймылын 48 даана жабдык эсепке алат. Долбоорду ишке ашыруучу ишкана борбор калаадагы объектилердин топографиялык сүрөттөрүн тартып, инженердик коммуникацияга кошуу, электр зымдары аркылуу техникалык шарттарды ишке ашыруудагы даярдыкты аяктады.
Жабдыктарды орнотуучу тилкелер жол эрежелери көп бузулган жана кырсыктар көп катталган аймактарга жараша тандалды. Биринчи этапты ишке ашыруу менен бирге экинчи баскычта аткарылчу жумуштар да жасалууда.

Аткарылып жаткан иштер жана алардын ишке ашуучу мөөнөтү тууралуу маалыматты уккан өкмөт башчы “Коопсуз шаар” белгиленген убакыттан кечикпеши керектигин дагы бир ирет белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы муну менен катар долбоор эксплуатацияга берилгенге чейин аны ишке ашырууда мыйзамдык, укуктук документтердин баары камсыз кылынууга тийиш экендигин талап кылды.


Новости по дате