http://www.ktrk.kg/"Жылуулук берүү" ишканасына карызы барлардын жылуулугу жана ысык суусу токтотулду

"Жылуулук берүү" ишканасына карызы барлардын жылуулугу жана ысык суусу токтотулду

13 Дек 2018 , 9:04 433

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын "Жылуулук берүү" ишканасынын кызматкерлери рейд жүргүзүп, карызы бар жашоочулардын жылуулугун жана ысык суусун токтотушту.

Көк-Жар конушунда жайгашкан 4-үйдүн жашоочулары 1-декабрга чейинки мөөнөттө пайдаланган жылуулук үчүн акча төлөбөй келишкен. Карызы 28 миң сомдон ашып кеткендиктен жылуулук берүүнү токтотууга аргасыз болушту.
Карызы көбөйүп кеткен турак жайларга алгач маалымдама жиберилет да андан соң өчүрүлөт. Жоопкерчиликсиз, тоготпогон шаар тургундардын жылуулугун "Бишкек шаардык Жылуулук берүү" тармагынын адистери шаймандары менен келип кыркып кетишет.

Учурда Бишкек шаардык Жылуулук берүү тармагынын кызматкерлери менен карызы бар турак жайларды жана мекеме ишканаларды кыдырып жүрөбүз. Азыр Чет өлкөлөр менен кыргыз кызматташтык жана достук бирлигине келдик.Бул жайдын жылуулук үчүн карызы 340 миң сом болуп кеткен экен.

Бул мекеменин юристи интервью берүүдөн баш тартты. "Бирок эч убакта акча төлөөдөн баш тартып качпайбыз. Бизге жылуулук нормадан ашыкча берилип жатат. Андыктан өчүрүп салууну суранабыз", - деген өтүнүчтөрүн билдиришти.
Булар эле эмес, карызын жылдап төлөбөй жаткан ишканалар өтө эле арбын. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

Улуттук хирургиялык борбор - 2 миллион 694 миң сом карыз;
“Учкун”Ачык Акционердик Коому - 1 миллион 300 миң сом карыз;
“Алга-Батыш” ишканасы - 468 миң сом карыз;
“СААБ Строй” - 214 миң сом карыз;
“Кыргызстан авиакомпаниясы” - 133 миң сом карыз;
Шаар калкынын 1-декабрга карата жылуулук боюнча дебитордук карызы 400 миллиондон ашкан. Кечээки күндөн тартып 367 миң сом карызы бар 29 жайга жылуулук берүү токтотулду. Эми өчүрүлгөн абоненттер карызынан толугу менен кутулуш керек же арыз жазып бөлүп төлөөсү керек. Ошондо гана кайра жылуулук менен ысык суу бериле баштайт.


Новости по дате