http://www.ktrk.kg/Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүндө баш кошкон Данияр менен Жамийла

Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүндө баш кошкон Данияр менен Жамийла

13 Дек 2018 , 9:05 1375

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Кыргызстанда гана эмес, бир катар чет өлкөлөрдө да мыкты деңгээлде белгиленип, жыйынтыкталууда. Жыл бою жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу кенен кептер айтылып, ар тараптуу көрсөтүүлөр эфирден чагылдырылды.

Баш кошуп жаткан эки жаштын ордо калаанын борбордук аянтындагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюп жатканы да бекеринен эмес. Махабаттын улуулугун даңазалап бирге турмуш курууга шерттешкен Данияр менен Жамиля улуу жазуучунун туулган күнүндө баш кошуп олтурушат.
Махабат тууралуу жазылган улуу чыгармада жазылган ырды созолонткон Данияр, кудайдын буйругубу же атайын Жамийла аттуу кызды издеп жүргөнбү айтор 33 жашка чейин өз сүйүүсүн издеп жүргөн. Айтор ал Айтматовдун атагын алыска тааныткан "Жамийла" повестин ар дайым туу тутаар эле.
Данияр менен Жамийланы табыштырган махабат, кудум эле Чыңгыз Айматовдун чыгармасындай болгон. Жашоого болгон чексиз сүйүү менен адамдагы руханий сулуулукка болгон сүйүү төп келишип, таанышкан күндөн баштап өөрчүп отурган.

Жалгыз уулун үйлөп Жыпар эже кубанып турган чагы. Бир четинен уучу узарып жатса, экинчи жагынан тойдун дал ушул улуу жазуучунун туулган күнүнө туш келип калганына толкунданат. Анын үстүнө 30 жылдан ашык мугалим болуп иштеген Жыпар Назаркулова Айтматовдун баардык чыгармасындагы ар бир окуяны ийне жибине чейин билет.

Жамийла менен Даниярдын ортосунда улуу махабат оту жагылган "Жамийла" повести чыныгы турмуштан алынган чыгарма. “Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” делип, дүйнө жүзүнө жар салынып, Француз жазуучусу Луи Арагон бийик баасын берген чыгарма дүйнөнүн жүз элүүдөн ашык тилинде жарык көрүп, далай ырлар жана көркөм тасмалар жаралган. Бүгүнкү күндүн каармандары болгон Данияр менен Жамийла дагы кудум ошол чыгармадагыдай, жашоодо бирге болууга бел байлашты.



Новости по дате