http://www.ktrk.kg/Жогорку Кеңеште экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралды

Жогорку Кеңеште экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралды

14 Дек 2018 , 10:28 489

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору Парламентте биринчи окууда колдоо тапты. Мыйзамга 100 депутат “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди.

Документте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу маселеси каралган. Депутаттар-мамлекеттик кызматта турган бардык адамдар кийин кылган иштери үчүн жооп бериши керек, аларды мыйзам менен коргоо туура эмес,-деп айтышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу 12-беренеси Конституцияга жана айрым нормаларга карама-каршы келет. 

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, кызматтан кеткен президентти кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк ачылат, анын үй-бүлө мүчөлөрүн акысыз медициналык тейлөө токтотулат жана көзү өткөндөн кийин үй-бүлөсүн өмүр бою кызматтык автоунаа менен камсыз кылуу жөнүндө талап да алынып салынат. Ошондой эле, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Новости по дате