http://www.ktrk.kg/Милиция кызматкерлеринен жабыркады делген жаранга байланыштуу иш иликтенүүдө

Милиция кызматкерлеринен жабыркады делген жаранга байланыштуу иш иликтенүүдө

14 Дек 2018 , 10:51 1480

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Милиция кызматкерлеринен жабыркады делген Бактыяр Самыйбек уулуна байланыштуу ишти иликтөө уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. 22 жаштагы Бактыяр Самыйбек уулу май айында тартип сакчылары тарабынан сабалганын, арыз даттанууларына Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери көңүл бурбай койгонун айтып чыккан. Анын бул билдирүүсүнөн кийин Самыйбек уулун кыйноого алды деп шектелген 3 милиция кызматкери камакка алынган.

Бирок бул айтылгандарды милиция кызматкерлеринин жактоочусу төгүндөөдө. Адвокат тартип сакчылары Ош базарындагы өрттөн жабыркаган соодагерлердин укугун коргоо үчүн Самыйбек уулун милиция бөлүмүнө алып барышканын, ага карата күч колдонулбаганын билдирди. Ошондой эле, тергөө жүрүп жаткан учурда сурактан качпаганына карабай камалышканын кошумчалады.

“Өрттөн жабыркаган соодагерлерге бөлүнгөн жерди Бактыяр Самыйбек уулу талашкан. Ортодо чыр чыккандыктан милиция чакыртылган. Ошол үч милиция кызматкери барып абалды жөнгө салган. Самыйбек уулу милиция бөлүмүнө алып барылган. Бирок ал жерде күч колдонулган эмес. Ал жаткырып алып тепкилешти деп айтып жатат. Андай болсо оор жаракат алмак да. Экспертиза жеңил жаракат алганын аныктады. Ал жаракатты да каяктан алганы белгисиз. Милиция бөлүмүнө 1 жарым саат кармалып турдум дептир. Бөлүмгө 15-20 мүнөт сайын киши кирет. Бирок анын сабалганын көргөн киши жок. Биз милиция кызматкерлеринин үй камагында болушун өтүнөбүз. Себеби, тергөө учурунда эч жакка качып кетпей, өздөрү суракка келип турушкан",- деди жактоочу Бактыбек Жумашов. 

Новости по дате