http://www.ktrk.kg/УКМК мамлекетке олуттуу зыян келтирүүлөдү аныктады

УКМК мамлекетке олуттуу зыян келтирүүлөдү аныктады

14 Дек 2018 , 10:23 1406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Кыргызжылуулукэнерго” жана “Чүйдөгү адистештирилген көчмө механикалык колонна” мамлекеттик ишканаларынын кызматкерлери тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысы аныкталды. УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Такталгандай, 2016-жылдын 1-августунда “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы Балыкчыдагы "Жылуулук менен жабдуу ишканасы” жана Орловкадагы "Жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” үчүн 22 миллион 854 миң сомго от казан сатып алууга сынак өткөргөн. Анын жыйынтыгында 2016-жылдын 19-сентябрында Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасына 4 от казан жана Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасына 1 от казан орнотуу үчүн “Чүй адистештирилген көчмө механикалык калонна” мамлекеттик ишканасы менен 20 миллион 20 миң сомго келишим түзүлгөн. 

Бирок “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы аткарылган жумушту эске албастан, келишимдин шарттарын бузуу менен “Чүй адистештирилген көчмө механикалык калонна” мамлекеттик ишканасынын эсебине 12 миллион 900 миң сом которуп берген. Текшерүүнүн натыйжасында “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери “Балыкчы жылуулук менен жабдуу ишканасы” үчүн сатып алган от казандары бүгүнкү күнгө чейин иштебей турат. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.


Новости по дате