http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда 2019-жыл "Балдар жылы" деп жарыялоо сунушталууда

Кыргызстанда 2019-жыл "Балдар жылы" деп жарыялоо сунушталууда

14 Дек 2018 , 17:29 2245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жыл Кыргызстанда "Балдар жылы" деп жарыяланышы керек. Мындай сунушу менен 50 дөн ашуун балдар укугун коргоо жана өнүктүрүү боюнча бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү бийликке кайрылуу жолдоду. Кыргызстанда балдар көйгөйун чечип, реалдуу кадамдарды жасоо мезгил талабы болуп жаткандыгын белгилешет. 

Бүгүнкү күндө өлкөдө көпчүлүк балдар жаштайынан эмгекке тартылып, билим алуу укугунан ажырагандар жүздөп саналат. Мигранттардын балдары жакындарынын же тааныштарынын колунан жапа чегип, өлүм менен аяктаган учурлар жок эмес. Онкологиялык жактан ооруган өспүрүмдөрдү дарылоо өзгөчө колдоого муктаж болуп турат. Мына ушул көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, чечилиши зарыл дешет активисттер. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Новости по дате