http://www.ktrk.kg/Игорь Беляев: "Балдар үйүндө тарбияланып жаткан наристелердин көбүнүн ата - энелери бар"

Игорь Беляев: "Балдар үйүндө тарбияланып жаткан наристелердин көбүнүн ата - энелери бар"

14 Дек 2018 , 15:59 1540

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Балдар үйүнө тарбияланып жаткан наристелердин ата-энелеринин көбү акча табуу үчүн иштегени кеткендер. Бул туурасында "Жетим балдардын укугун коргоо" коомдук фондусунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди. Анын айтымында, бул бөбөктөрдүн 96 пайызынын ата-энеси бар. 

Келечекте балдар мекемелерин реформалоо системасындагы мамлекеттин саясаты ушундай балдардын туугандарын таап берүү менен жыйынтыкталышы керек.

"Бирок ал туугандары камкордукка алабы же жокпу деген да маселе бар. Анткени өз каалоосу менен албаган үй-бүлөдө балага карата зомбулук жана башка терс факторлор көп болот", - деди Беляев. 

Учурда өлкө боюнча 14 миңге чукул жеткинчек жетим балдар үйүндө тарбияланып жатканын кошумчалады.


Новости по дате