http://www.ktrk.kg/Президент Транспорт жана жолдор министрин иштен четтетип турууну тапшырды

Президент Транспорт жана жолдор министрин иштен четтетип турууну тапшырды

14 Дек 2018 , 16:19 617

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчыга Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну тапшырды. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында мекеменин ишин сынга алып, министрдин орун басарынын пара менен кармалышын эске салып, мындай шартта Калилов иштен убактылуу четтеп турушу керек экенин белгиледи. 

Эске салсак, министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 6-декабрда 50 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалган. Ал жол салуу боюнча тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар алууну макулдашканы кабарланган эле.

Новости по дате