http://www.ktrk.kg/Таштанды жайдан табылган ымыркайдын өлүмүнүн себептери иликтенүүдө

Таштанды жайдан табылган ымыркайдын өлүмүнүн себептери иликтенүүдө

14 Дек 2018 , 18:03 729

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

13-декабрь күнү саат 15:00 чамасында Оштогу таштанды жайдан ымыркайдын сөөгү табылган. Бул туурасында шаардык милициядан билдирди. Маалыматка караганда, жаңы төрөлгөн наристенин сөөгүн эски темир, аллюминий буюмдарын чогултуп жүргөн аялдар таап, тийиштүү кызматка кабар берген. Бул иш боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

"Ымыркайдын курагын, анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул кылмышка тиешелүү болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат",- деп билдирди Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков. 

Новости по дате