http://www.ktrk.kg/ЖЭБ: тендер чырына байланыштуу соттук отурумдар уланууда

ЖЭБ: тендер чырына байланыштуу соттук отурумдар уланууда

14 Дек 2018 , 22:38 2279

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук электр борборунда жүргүзүлгөн тендердин мыйзамдуулугу боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде соттук отурумдар уланып жатат. Бул сапар дагы Биринчи май райондук сотунда авариянын себептери боюнча күбөлөр көрсөтмө берди.

Ушул күндөрү Жылуулук электр борборундагы өткөн кыш мезгилиндеги авария жана жылдык оңдоо иштерине карата өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугу Биринчи май райондук сотунда каралууда. Кезектеги сот отурумунда авариянын себептери боюнча күбөлөр көрсөтмө беришти.
2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган жабдуулары иштен чыкканына байланыштуу кыштын кыраан чилдесинде борбор шаардагы үйлөргө, социалдык мекемелерге жылуулуктун берилиши чектелип калган. Жылуулук шаар тургундарынын үйлөрүнө 28-январга караган түнү бериле баштаган. 

Бирок 29-январда ЖЭБде кайрадан кырсык катталат. Баарынан дагы коомчулуктун көңүлүн, жаңылоого деп Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыянын айланасындагы маселелер бурган. Көп узабай Кытай бөлгөн каражат максаттуу пайдаланылбаганы аныкталып, ондон ашуун аткаминер камалган. УКМК Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогон.


Новости по дате