http://www.ktrk.kg/"Жер үй" алтын кени 2019-жылдын ортосунда пайдаланууга берилет

"Жер үй" алтын кени 2019-жылдын ортосунда пайдаланууга берилет

14 Дек 2018 , 22:42 849

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда инфратүзүмдүк иштери кызуу жүрүп, от казанынын курулушу, күйүүчү май сактоочу кампа, көмөк чордон жана башка көптөгөн объектилердин курулушу аяктоо алдында турат. 

Жер үй алтын кени Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан. Азыр мында иштер толугу менен жүрүп жатат. Инфратүзүмү дээрлик 70 пайызга даяр болуп калды. Кенге алып баруучу жайга жол жана башка объектилер салынды. Жолдун курулушуна 15 миллион долларга жакын каражат сарпталды.

Жер үй кенин иштетүү укугуна ээ болгондон бери "Альянс Алтын" ишканасы Талас облусунун өнүгүүсүнө 770 миллион сом жумшаган. Каражаттын 470 миллион сому салык жана башка төлөмдөр болсо, 300 миллиону “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондунан которулган.


Новости по дате