http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш уланууда

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш уланууда

16 Дек 2018 , 23:40 716

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Санариптик технологияларды толугу менен ишке киргизүү- коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү болуп саналат. 

Эгер мамлекеттик кызматкер менен жарандардын же ишкерлердин ортосунда байланыш болсо, ал паракорчулуктун кандай деңгээлине жеткирерине бардыгыбыз күбө болдук.

Өлкө башчысы эми экс болуп калган транспорт жана жолдор министрин бекеринен сынга алган жок да. Кол алдындагы кызматкери, орун басары Азимкан Жусубалиев чет элдик компаниядан 520 000 доллар пара талап кылып, анын 50 000 долларын алып жаткан жеринен кармалганы, президент айткандай Кыргызстанды бүтүндөй дүйнөгө шерменде кылды. 

Жөнөкөй гана министрдин орун басарынын кулкуну ушунча болуп жатса, анда өлкөдө жемкорлукту жоюуга дагы жылдар талап кылынат окшойт.

Мына ушул пара чырына байланышкан акыркы жумалардагы эле окуяларды тизмектейли. 

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Залалиевдин табылган байлыктарына коомчулук дагы деле таң калып бүтө элек. 900 000 доллар банктагы кутучада, дагы 10 млн сомго жакын акча каражаты үйүндө катылып, мындан сырткары бир нече батир, унаа, коттедж, алтын күмүштүн түрлөрүнөн зер буюмдар, кымбат баалуу сааттар... Бул байлыктар мурдагы чиновникте кайдан экенин баары эле аңдап билип турат, бирок ошентсе да тергөөнүн жана соттун расмий жыйынтыгы чыккыча күтө туралы...

Эске салсак, жыл башынан бери канча деген чиновниктер пара алып жаткан жеринен кармалышты. Талап кылган акчалары-жүз миңдеген долларлар. Демек, миллиондогон сомдор биздин атка минерлердин сол чөнтөгүнө кетип, алар мындай суммаларды оңой эле сиңирип коюшат экен.

Канча деген жарандарыбыз мигрант болуп чет мамлекеттерде иштеп, айрымдар жөн гана кийими бүтүн, курсагы ток жашоого куштар болуп жүргөн чакта биздин жогорку кызматтагы жетекчилер креслолорунда отуруп эле акча жасап, карапайым калктын эсебинен байып жатканы- коомдо нормалдуу эле көрүнүшкө айланып бараткандай.



Новости по дате