http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда келечекте “Манас жана Айтматов академиясын“ түзүү чечимин кабыл алынды

Кыргызстанда келечекте “Манас жана Айтматов академиясын“ түзүү чечимин кабыл алынды

16 Дек 2018 , 9:41 2980

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Залкар жазуучу, ойчул жана гуманист Чыңгыз Айтматов адамдардын аң-сезимин өзгөрткөн залкар жазуучу гана эмес, дүйнөлүк саясатка таасирин тийгизген планетардык инсан! 

Бул айтылган ой пикирдин артында кыргыздын чыгаан уулун даңктап, даңазалаган, ага тиешелүү болгон бардык сапаттарды камтыган, жазуучунун кийинки муунга кандай мурас калтырып кеткенин айгинелеген маани жатат.

Залкар жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл, 12-декбарда 90 жашка чыкмак. 

Чынгыз Айтматовдун ысымы совет доорунда кандай популярлуу болсо, азыркы учурга чейин ошол таанымалдык өзгөрбөстөн кала берди. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөлүк адабияттын классикасын толуктап, жер шарын аралап кыргыз деген чакан элдин атын чыгарды. 

Ал гана эмес, Айтматов Пушкин, Толстой, Достоевский сыяктуу атактуу жазуучулар менен бир катарда туруп, бүтүндөй борбор азияны дүйнөлүк адабияттын картасына киргизип кетти. 

Жазуучунун 90 жылдык мааракеси бул жылы дүйнө жүзүнүн булуң бурчунда белгиленип, жыйынтыктоочу иш-чара 12-декабрда борбор калаа Бишкекте өттү. 



Новости по дате