http://www.ktrk.kg/Санариптик технология жемкорлукту жеңеби?

Санариптик технология жемкорлукту жеңеби?

16 Дек 2018 , 23:25 1793

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруудан тартып мектептердеги билим берүүгө чейинки тармактарда санариптик технологияларды киргизүү аракети уланууда. 

Өзгөчө укук коргоо, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттыкты сактоо, билим берүү, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу аракети жүрүп жатат. 

Эми бул маселеде өлкө иш аракеттердин жаңы этабын баштап, жакынкы 5 жылдын ичинде аймактагы санариптик экономиканын лидерине жетүү максаты коюлду.

Электрондук ыкмага өтүү- эң биринчиден мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн эреже шарттарын жөнөкөйлөштүрүү. Бир маалымкат алуу үчүн азыркыдай сааттап кезек күтүү деген болбошу керек. 

Экинчиден мамлекеттик органдардын арасында документ жүгүртүүнү электрондук түрдө жүргүзүп, бир мекемеден экинчисине кат-каттап кагаз ташуу жоюлат. Санариптик технологияларды киргизүү менен Өкмөттө бизнес коомчулугу менен жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызматтарды сунуштаган жаӊы аянтча пайда болот.

Дагы бир өзөктүү маселе- паракорчулукту алдын алуу. 

Азыркы учурда уланып жаткан коррупция жана бюрократизм алдыңкы өнүккөн Кыргызстанды курууга жол бербейт деп белгиледи президент. Эң негизгиси мамлекеттик кызматкер менен жарандын ортосундагы байланышты үзүп, аны электрондук ыкмага өткөрүү менен пара талап кылуу сунуштоо сыяктуу ыпылас көрүнүштөргө бөгөт койсо болот.



Новости по дате